Жаңылыктар
Чыныбай Турсунбеков: “Президенттикке ат салышууга ниетим бар”
Шайлоо 2023
Чыныбай Турсунбеков: “Президенттикке ат салышууга ниетим бар”

Парламент төрагасы Чыныбай Турсунбеков президенттикке ат салышууга ниети бар экенин Жогорку Кеңештин бир жылда аткарган жумуштары боюнча журналисттерге отчет берип жатып билдирди. Ал талапкер катары чыгууга мыйзам жол берерин жана эч ким чектебей турганын айтты. Ошондой эле, бул багытта президент Алмазбек Атамбаев да өз позициясын билдиргенин жана бир нече жолу аны менен бул маселени талкуулаганын кошумчалады.
“Буйруса, барам, азыр ошол боюнча иштер көрүлүп жатат. Президенттик шайлоого өзүн өзү көрсөтүү жолу менен барам", - деген оюн билдирди Жогорку Кеңештин төрагасы Чыныбай Турсунбеков.