Жаңылыктар
Алмазбек Атамбаев медицина кызматкерлеринин күнү менен куттуктады
Кыргызстан жаңылыктары
Алмазбек Атамбаев медицина кызматкерлеринин күнү менен куттуктады

Президент Алмазбек Атамбаев медицина кызматкерлеринин күнү менен куттуктады. Анда - акыркы жылдары мамлекет калктын бардык катмарларына сапаттуу медициналык кызмат көрсөтүүнү камсыз кылуу үчүн чоң күч-аракет жумшап жатат. 

Жаңы клиникалар жана медициналык борборлор курула баштады. Алар сапаттуу жана заманбап жабдуулар менен камсыз болууда. Жер-жерлерде фельдшердик-акушердик пункттар курулуп, ооруканалар оңдолуп жатат. Эне менен баланын саламаттыгын сактоо, калкка онкологиялык жардам көрсөтүүнү жакшыртуу саламаттык сактоо чөйрөсүнүн жакынкы жылдардагы эң негизги артыкчылыктары болуп калды. 

Биз мындан ары да медициналык жардамдын сапатын арттырууга, дартты аныктоонун жана дарылоонун жогорку технологиялык ыкмаларын киргизүүгө өзгөчө көңүл бурушубуз керек. Адистерди даярдоо жана алардын квалификациясын жогорулатуу системасын өркүндөтүү, медицина кызматкерлерин социалдык коргоо боюнча чараларды күчөтүү өтө маанилүү экени айтылган.