Жаңылыктар
Төрага жасалган иштер тууралуу журналисттерге отчет берди
Саясат
Төрага жасалган иштер тууралуу журналисттерге отчет берди

Парламент жайкы эс алууга чыкты. 30-июнда төрага Чыныбай Турсунбеков Жогорку Кеңеште бир жылда жасалган иштер, кабыл алынган мыйзамдар тууралуу журналисттерге отчет берди. Ал парламенттин ишмердүүлүгүнөн сырткары да суроолорго жооп берди. 

Парламент төрагасынын жылдык отчетунун жасалгасы өзгөчө. Дайыма эки кагазга гана жасалчу отчет бул ирет инфографикалар менен кооздолуп, түстүү барактар менен китепче сыяктуу кыргыз жана орус тилдеринде чыгарылды. Кагазга түшүрүлгөн отчет эле эмес, аны коомчулукка жеткирүү да башкача болуп, суроо-жооп форматында өттү. 

 Китепчеде көрсөтүлгөндөй, парламент 2016-жылдын сентябрынан 2017-жылдын 1-июнуна чейин 67 кезектеги, 2 жабык отурум өткөрдү. Жалпысынан 186 мыйзам кабыл алынып, 21и четке кагылган. Үч мыйзамды демилгечилер кайра артка чакыртып алган. Парламент кабыл алган 153 мыйзамга президент кол койгон. Мындан сырткары эл өкүлдөрү 757 токтом долбоорун кабыл алган. 

Коомчулукта парламент депутаттары отурумдарга тегиз катышпайт, эл өкүлдөрү активдүү эмес деген сындар айтылып келет. Төрага Турсунбеков 6-чакырылыштагы парламент мурдагыларга салыштырмалуу тынч экенин, бирок өз жумуштарын так аткарып жатышканын айтты.

45 мүнөткө созулган маалымат жыйынында төрагага үй-бүлөсү, саясатчылар, депутаттар менен жеке мамилеси боюнча да суроолор берилди. Жайкы эс алууда кайда барып, эс алаарына кызыккан ЖМК өкүлдөрү да болду. Эми 6-чакырылыштын депутаттары парламенттеги ишмердүүлүгүн сентябрдан тарта кайра жандантат. Ага чейин аймактарда шайлоочулар менен иш алып барышат.