Жаңылыктар
Өкмөт башчы Сооронбай Жээнбеков аймактарды кыдырды
Саясат
Өкмөт башчы Сооронбай Жээнбеков аймактарды кыдырды

Өкмөт башчы Сооронбай Жээнбеков элеттеги олуттуу маселелерден жеринде кабар алууда. Бул жолу Премьер-министр Нарын менен Жалал-Абад облусунун бир катар социалдык жана стратегиялык маанидеги объектилеринин абалы менен таанышты. Анын жыйынтыгында белгиленген көйгөйлөрдү чечүүнү тездетүү тапшырмалары берилди.

Жазында болгон ак жаандын кесепетинен Ак-Талаа районун Акталчат- Казарман жолундагы көпүрө керектен чыккан. Учурда талкаланган көпүрө аркылуу каттоого мүмкүн эмес. Ошондуктан убактылуу жабык турат. Өкмөт башчы Сооронбай Жээнбеков көпүрөнүн абалын көрүп, ал аркылуу өтүүчү транспорт кыймылын калыбына келтирүү үчүн оңдоо жумуштарына 50 млн сом бөлүнөөрүн убадалады. 

Премьер-министр жергиликтүү тургундарды сабырдуу болууга чакырып, курулуш талаптарына жооп берген сапаттуу көпүрө куруу өзүнчө убакытты талап кылаарын ырастады. Учурда көпүрөнү реконструкциялоо үчүн долбоор иштелип жатат. 

Ирригацияны өнүктүрүү боюнча программага ылайык Жалал-Абад облусундагы Жогорку Ак-Күп каналы курулат. Бул долбоор жүзөгө ашырылса сугат жерлеринин аянты кеңейет. Биринчи баскычта 3 миң гектарга чейин, экинчи этапта болсо дагы эки миңге кеңейет. Гидротехникалык жабдууларын кошкондо каналдын жалпы узундугу 13 чакырым. Бул жумуштарга кеминде 300 млн сом керектелет. 

Сооронбай Жээнбеков Тогуз-Торо районундагы Нарын дарыясындагы кооптуу тилкенин абалын да көрдү. Өкмөт башчы тегеректеги айылдарды суу каптабашы үчү дарыянын жээктерин бекемдөө жумуштарын тездетүүнү тапшырды.

Мында баардык күч тоннелди бургулоого жумшалууда. Түштүк тарабынан 225 метр казылды, ал эми кошумча тоннель 265 метр бургуланды. Түндүк тарабында да бир топ жумуштар жасалып жатат ары көздөй 312 метр, кошумча тоннель болсо 484 метр бургуланды. Сооронбай Жээнбеков альтернативдик жолдун курулушу Кыргызстандын соңку тарыхындагы ири инфраструктуралык долбоор деди. Мындан улам авто жолдун сапатына өзгөчө маани берүү зарыл.