Президент Алмазбек Атамбаев Эсептөө палатасынын төрагасы Улукбек Мариповду кабыл алды. Жолугушуунун жүрүшүндө Мамлекет башчысына республикалык бюджеттин каражаттарынын натыйжалуу пайдаланылышын көзөмөлдөө боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер, ошондой эле Эсептөө палатасынын 2016-жылдагы ишмердигинин жыйынтыктары тууралуу маалымат берилди.
Улукбек Марипов мындан сырткары мамлекеттик аудиттин системасын реформалоо, аудиттин эл аралык стандарттарына өтүү жана укук коргоо органдары менен өз ара кызматташууну жакшыртуу туурасында айтып берди.
Президент бюджеттик каражаттардын натыйжалуу жана сарамжалдуу пайдаланылышын камсыз кылуу максатында өткөрүлүп жаткан көзөмөлдүк иш-чаралардын сапатын мындан ары жогорулатуунун зарылдыгын баса белгиледи.