Жаңылыктар
Жергиликтүү кеңештин депутаты экстремисттик уюмдун мүчөсү деп шектелүүдө
Кыргызстан жаңылыктары
 Жергиликтүү кеңештин депутаты экстремисттик уюмдун мүчөсү деп шектелүүдө

ИИМдин оперативдик кызматкерлери жергиликтүү кеңештин депутатынын үйүнөн экстремисттик маанайдагы материалдарды табышты. Бул тууралуу министрликтин маалымат кызматынан кабарлашты. 

Жалал-Абад облусуна караштуу Базар-Коргон районунун тургуну, жергиликтүү кеңештин депутаты "Хизбут-Тахрир" диний экстремисттик уюмунун мүчөсү деп шектелүүдө. 

Тинтүү учурунда анын үйүнөн экстремисттик маанайдагы материалдар табылган. Аталган факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин “экстремисттик материалдарды алуу, даярдоо, сактоо жана жайылтуу” беренеси боюнча кылмыш иши козголду. Шектүү убактылуу кармоочу жайга киргизилип, тергөө иштери жүрүп жатат.