Жаңылыктар
Салык кызматы контрафакттык жана шек жараткан алкоголдук продукцияларды текшерди
Кыргызстан жаңылыктары
Салык кызматы контрафакттык жана шек жараткан алкоголдук продукцияларды текшерди

Мамлекеттик салык кызматы Бишкектин бир катар азык-түлүк дүкөндөрүнө рейд жүргүзүп, контрафакттык жана шек жараткан алкоголдук продукцияларды текшерди. Бул тууралуу мекеменин маалымат кызматы билдирди. 

Рейддин жүрүшүндө "Глобус", "Боорсок", "Бишкек оптомаркет" гипермаркеттеринен жана "Фрунзе", "Семь дней", "Народный" дүкөндөрүнөн шек жараткан акциздик маркадагы алкоголдук продукция сатыктан алынган. Алардын жалпы саны 859ду түзүп, суммасы 145 миң сомдон ашык болгон.