Жаңылыктар
Президенттикке талапкерлердин саны жана сапаты
Шайлоо 2023
Президенттикке талапкерлердин саны жана сапаты

Жогорку Кеңеш президенттик шайлоонун күнүн аныктап, расмий иш чараларга уруксат берилгенден тарта өлкөдө шайлоо темасы кызыды. Борбордук шайлоо комиссиясы бекиткен эрежеге ылайык учурда талапкер жылдыруу жараяны гана жүрүп жатат. Азыркы учурга карата президенттикке ат салышууну каалагандардын санын жана сапатын көрүп, бул шайлоо деле мурдагылардан ашып гана түшпөсө, кем калчудай эмес деген пикирге келесиң.

15 күндүн ичинде жылдырылгын талапкерлердин саны 11ге жетти. Алардын арасында ар кандайы бар, саясат айдыңында белгилүүсү, белгисизи, укук коргоочусу, ишкери, буга чейин бир нече жолу талапкер болгону, биринчи жолу чыгып жатканы. Шайлоо алдында бир көрүнүп талапкерлигин коюп, шайлоодон кийин ың-жыңсыз болгондору да кайра пайда боло баштады.

Баарынан кызыгы талапкер жылдыруу жараяны 1-августка чейин, демек дагы бир айга жакын убакыт жүргүзүлөт. Андыктан талапкерлердин саны мурдагы шайлоолордогудай 100гө жакындайбы деген да тобокелчиликтер бар. Мыйзам жол берет, ат салыша беришсин деңизчи, бирок талапкерлердин саны боюнча дүйнөдө рекорд коюп, эки кулач бюллетень көтөрүп жүргөнүбүздү элестетсеңиз.