Жаңылыктар
Дамаскдагы жардыруудан 18 киши набыт болду
Кырсык
Дамаскдагы жардыруудан 18 киши набыт болду

Сириянын борборунда 2-июлда бомба салынган үч автоунаа жарылды. Мамлекеттик телеканалдын кабарына караганда, коопсуздук күчтөрү шектүү унаалардын артынан түшүп, алардын экөөнү токтотуп, жардырууга жетишкен. Бирок, үчүнчү айдоочу Дамасктын борбордук Тахрир аянтына кирип кетүүгө үлгүрүп, курчоого алынгандан кийин унаасын өзү жардырып жиберди. 

Алар Айт майрамынан кийинки алгачкы жумуш күнү эл көп жерлерди бутага алууну көздөшкөн. Дамасктын эски бөлүгүндө, мечиттин жанындагы жардыруудан 18 адам каза болгону кабарланууда. Дарыгерлер жаракат алгандардын саны 33кө чейин жеткенин маалымдашты. Дамасктын байыркы бөлүгүндө буга чейин быйыл март айында эки жардыруу болуп, андан 74 киши мерт болгон.