Жаңылыктар
Татарстандагы жол кырсыгынан 14 адам каза болду
Кырсык
Татарстандагы жол кырсыгынан 14 адам каза болду

Президент Алмазбек Атамбаев Татарстандын президенти Рустам Миннихановго Заинск шаарынын жанында 2-июль күнү болгон жол кырсыгына байланыштуу көңүл айтты. 

"Татарстандын Заинск шаарына жакын жердеги бир нече адамдын өмүрүн алган жол кырсыгы тууралуу маалыматты абдан кайгыруу менен кабыл алдым. Кыргызстан элинин жана өзүмдүн жеке атымдан каза болгон жарандардын жакындарына көңүл айтам. Ошондой эле жаракат алгандардын тезирээк сакайып кетишине тилектешмин", - деп айтылат президенттин көңүл айтуу катында.

Эскерте кетсек, жекшемби түнү Самара — Ижевск жолунда жүк ташуучу унаа менен автобус сүзүшкөн. Жыйынтыгында автобус оодарылып, өрттөнүп кеткен. Акыркы маалыматтарга караганда кырсыктан 14 адам каза болгон.

Аталган жол кырсыгы боюнча РФтин ИИМдин Тергөө башкы башкармалыгы кылмыш ишин козгоду.

Төргөө комитети кырсыктын себеби катары айдоочу унаанын жарыгынан көзү жакшы көрбөй калган, рулда уктап кеткен жана унааны башкара албай калган деген үч версияны карап жатат.