Жаңылыктар
Жеңил өнөр жай тармагынын башын бириктирген ири ишкана курууга жер бөлүндү
Экономика
Жеңил өнөр жай тармагынын башын бириктирген ири ишкана курууга жер бөлүндү

Бишкекте « Технополис» курулат.  Ал үчүн үчүн Өкмөттүн токтому менен Сокулук районунунан 41 гектар  жер бөлүнүп берилди. Бул Кыргызстандын жеңил өнөр жай тармагы үчүн ири долбоор болуп калмакчы. Ишкана курулуп пайдаланууга берилсе 15 миң жумушчу оруну пайда болот. Ошондой эле сапат жана экспорт камсыз болот.

“Легпром” жеңил өнөр жайчылардын ассоциациясы тарабынан өкмөткө жер бөлүп берүү өтүнүчү эбактан бери сунушталып келген. Кыргызстандын тигүүчүлөрү  ири долбоорду ишка ашыруу мүмкүнчүлүгүн мына эми ээ болушту.Өкмөт башчынын токтому менен  Сокулук районунун Военно- Антоновка айыл аймагынан  40 гектар 74 сотток жер бөлүндү. Келечекте 15 миң жумушчу оруну түзүлө турган ишкана курулаарын “ Легпром” ассоциациясынын төрагасы Фархат  Төлөгөн “ Биринчи радиого” билдирди. Жеңил өнөр жай тармагынын башын бириктирген ири ишкана куруу учурдун талабы. Эми сапат жана экспорт үчүн көлөм камсыз кылууга жол ачылды.

Военно-Антоновка айыл аймагынын айыл өкмөт башчысынын орун басары Шабан  Мусабаев  бул долдоор Кыргызстанды өнүктүрүүнүн жол картасына киргизилгенин белгилейт. Фабрика курууга  жер иликтенип, товарларды экспорттоого ыңгайлуу  деп темир жолдун боюндагы 41 гектарга жакын кайракы жер табылганын ырастады.

Жеке ишкер Өмүрбек Назаров үчүн жер тилекесинин бөлүнүшү сүйүнүчтүү  жаңылык болуп калды. Ал Кыргызстандын тигүү  тармагы жаңы бийиктикке чыгууда өкмөттүн колдоосуна муктаж болуп турганын белгилейт. Ишкер учурда фабрикасында 150 адамды жумуш менен камсыздап жатат, келечекте 500 орундуу ишкана курууну көздөп жатканы менен бөлүштү.

Эске сала кетсек 23- июнда “Легпром” ассоциациясына 49 жылдык ижарга жер тилкесин болуп берүү боюнча Өкмөт башчы  токтомго кол койду.  Ассоциациядан билдиришкендей учурда 40 ишкана курулуш иштерин баштоого дайын турат. Учурда өлкөдө 150 миң адам ар кандай шарттагы тигүү ишканаларында эмгектенет.