Жаңылыктар
Өлкөдө сууга агып, каза болгондордун саны көп катталууда
Кырсык
Өлкөдө сууга агып, каза болгондордун саны көп катталууда

Таласта менчик телеканалдын жамааты эс алууга чыгып, эки сууга агып киши каза болду. ӨКМнын басма сөз кызматы билдиргендей, окуя 1-июлда Жаратылыш паркында кечке жуук болгон. Акыркы айда эле ар кандай себептер менен сууга агып, чогүп каза болгондордун саны 26га жеткен. Адистер мындай көрүнүштүн чыгышына ички туризмди тейлөөнүн жоктугу да себеп болгонун белгилешет.

  1-июлда Озгочо кырдаалдар министрлигине эс алуучулардын сууга акканы боюнча кабар түшкөн. Куткаруучулар тилекке каршы жардам берүүгө жетишкен эмес. Алар айтылган дарекке барган кезде жергиликтүү тургундар сууга аккандардын денелерин алып чыгышкан болот. Таластын Беш-Таш паркында каза болгон адамдардын өздүгү такталып, 34 жаштагы Сүйүн Өмүрбеков жана 38 жаштагы Эльмира Сүйүтбекова экени белгилүү болду. Алар мурдагы NEXT ТВ, азыркы 3-Каналдын аткаруучу директору Сүйүн Өмүрбеков, ал эми Эльмира Сүйүтбекова ошол телеканалдын кызматкери болгон.

Бакай Садыровдун айтымында жыл сайын ушул мезгилдерде Беш-Таш суусу кирет. Мындай учурда суу өзүнүн деңгээлинен ашып, ага чөмүлгөн, сууга түшүү кооптуу болот. Ал ошондой эле, былтыркы жылы так ушул маалда бир адам аталган сууга агып каза болгонун кошумчалады. Бишкек шаардык кенешинин депутаты Рысбай Аматов мындай көрүнүштүн келип чыгышына ички туризмдеги тейлөөнүн денгээлинин томондугу себеп дейт. 

Статистикада айтылгандай, быйыл сууга аккандардын саны өсүп жатат. Анын ичинде табыгый кырсыктын улам жапа чеккендер болсо, айрымдары коопсуздук эрежелерин сактабай, көңүл ачам деп мас абалында каза болгондор бар экени айтылат.

Бозулан Ысаков, Биринчи радио