Жаңылыктар
Кочкордун Кум- Дөбө айылындагы табылгалар табышмагы
Билим
Кочкордун Кум- Дөбө айылындагы табылгалар табышмагы

Мындан 20 жыл мурун Кочкор районунун Кум- Дөбө айыл аймагынын алдында байыркы шаардын бар экендиги тууралуу алгачкы маалыматтар айтылганы менен, ага эч ким деле маани берген эмес. Жакында ушул өрөөндө башталган археологиялык казуулар бир катар кызыктуу тарыхый фактыларды аныктоодо.

Кыргыз-түрк "Манас" университетинин 4-курсунун студенти Үсөн Багышов буга чейин өлкөбүздүн бир катар жерлериндеги археологиялык экспедицияларга катышкан. Айтымында алардагы табылгалар Кум- Дөбө айылындагыга салыштырмалуу океандын бир гана тамчысы.

"Алардан айырмаланып, бул жердеги археологиялык казууларда биринчи жолу жер алдында байыркы шаар табылып олтурат жана ал Кочкор району эле эмес, Кыргызстан, бүтүндөй түрк дүйнөсү үчүн өтө маанилүү",- деди Кыргыз-түрк «Манас» университетинин 4-курсунун студенти Үсөн Багышов.

1-июндан бери ушул каарманыбыз жана анын 25 курсташы 15 метр тереңдиктеги жерди казышып, байыркы шаардын мечитининби, медресесининби же башка курулушунунбу, айтор чоң мунарасына такалышты. Ал эми анын тегерегинен жез тыйындар, кол өнөрчүлүк жасалгалары жана кумаралар табылган.