Жаңылыктар
Чоң-Алайлыктар жаңы типтеги турак-жайларды сала баштады
Кыргызстан жаңылыктары
Чоң-Алайлыктар жаңы типтеги турак-жайларды сала баштады

Бир сыноону баштан кечирген Чоң-Алайлыктар жаңы типтеги турак-жайларды сала баштады. Табигаттын кырсыгына карата ачылган эсепке түшкөн акча каражаты аймактагы 630 үй-бүлөгө 40 миң сомдон бөлүштүрүлүп берилди. Кара-Мык айылынын тургуну Рахматилла Имарбекодун уйу майдагы зилзаладан 5 даражада жабыркап, жашоого мумкун болбогон абалга кептелген. Тургун азыр, уйун бузуп, ордуна жанысын тургузууда. 

Жаздагы жердин катуу силкинүүсү жергиликтуулорго сапаттуу турак-жай салууну эскерткендей. Жаныдан баш-паанек туптоп жаткандардын дээрлик баары турак- уйдун сапатына озгочо конул бурууда. Ага ылайык, таштан куралчу пайд убал бул жолу цементке алмаштырылды. Ылайдан согулчу дубал ордуна саман кошулуп бышырылган пахса колдонулуп, анын ар бир катына зым сокмолор тошолду. Мындай курулуш иши аймактагы 630 турак-уйдун короосунда журуп жатат. Буларга окм тарабынан ачылган атайын эсепке тушкон акчадан ар бир уй-булого 40 мин сомдон болунуп берилди. Курулуш нормаларын сактоодо архитектор адистери жеринде тыкыр козомол жургузуудо. Ал учун атайын долбоор да иштелип чыккан. 

Премьер-министрдин жеке козомолунун астында буга чейин аймакка 2мин 30 тонна цемент завод баасында аймакка жеткирилди. Дагы ушунча коломго Кызыл-Кыя цемент заводуна буйрутма берилди. Алдын-ала берилген буйрутманын негизинде, 330 мин даана кыш менен 90 тонна арматура таратылды. 

Ар кандай табигаттын кырсыктарына мамлекет тарабынан берилуучу ссуданын жоюлганын сезген элеттиктер , турак-жайын камсыздандыруу маанилуу экенине ынана башташты. Бугунку кунго Чон-Алай ороонундо камсыздандыруу оноктугу 5 пайызды тузуудо. 32минден ашуун калк жашаган ороондо 7 минден ашуун кожолук жашайт.