Жаңылыктар
Башкы планды даярдоо түйшүгү
Кыргызстан жаңылыктары
Башкы планды даярдоо түйшүгү

Калктуу конуштардын башкы планынын жоктугу түйшүк жаратууда. Бул маселе өкмөт жыйынында талкууланып, премьер-министр Сооронбай Жээнбеков тиешелүү мекемелерге ишти тездетүүнү тапшырды. Учурда өлкөнүн 10 шаары экономикалык жактан абалы оор экени белгиленди. Башкы пландары иштелип чыкса өнүгүүгө өбөлгө болуп берет. Башкы пландын жоктугу баш-аламан курулуштардын болушун шарттап, бир катар укук бузууларга жол берип жатат. Кыргызстанда 1914 калктуу конуш болсо, алардын 1700гө жакынында аталган маселе чечүү зарылчылыгы бар. 

Өкмөт алгач өлкөдөгү жыйырма шаардын башкы пландарын иштеп чыгууну максат кылууда. Алардын ону - Таш-Көмүр, Сүлүктү, Орловка, Майлы-Суу, Көк-Жаңгак, Кайыңды, Кемин, Балыкчы, Кажы-Сай шаарлары экономикалык жактан оор абалда экени айтылды. Премьер-министр маанилүү документти даярдоодо баардык тиешелүү мекемелер менен жергиликтүү бийлик тыгыз иш алып барышы керектигин белгиледи. 

1. Мамлекеттик шаар курулушу жана архитектура долбоорлоо институтунун маалыматына таянсак учурда өлкөнүн 8 шаары башкы план менен камсыз болгон. Алар: Бишкек, Ош, Каракол, Каракөл, Балыкчы, Чолпон-Ата, Кара-Суу шаарлары. 

2. Ал эми 5 шаардын башкы пландары иштелип жатат. Баткен, Кызыл-Кыя, Талас, Токтогул жана Кара-Балта. Эми калган 18 шаардын да башкы пландарын иштеп чыгуу зарыл.

Бирок, башкы план сапаттуу түзүлүшү керек. Өкмөт башчысы шаардын ичинде ага жанаша жайгашкан облустун анклавтары бар экенин эске салды. Калааны өнүктүрүүдө бул жагдайга көңүл бурулбай калууда. 

Калктуу конуштардын башкы пландары жок бардык мекемелердин иштери аксоодо. Маселен, Транспорт жана жолдор министрлиги аймактардагы аэропорттор кеңейтиле турган жерлерде башка курулуштар пайда болгонун билдирүүдө. Бул сыяктуу мисалдар көп. Мындай баш аламандыктарды жою үчүн 2030-жылга чейин башкы пландарды иштеп чыгууга ар жыл сайын 30 миллион сомдон бөлүү каралган. Жээнбеков ишти тезирээк бүтүрүү максатында анын мөөнөтүн кыскартып, 2025-жылга чейин ар жыл сайын 50 миллион сомдон бөлүү керектигин белгиледи. 

Калктуу конуштардын башкы пландары жок бардык мекемелердин иштери аксоодо. Маселен, Транспорт жана жолдор министрлиги аймактардагы аэропорттор кеңейтиле турган жерлерде башка курулуштар пайда болгонун билдирүүдө. Бул сыяктуу мисалдар көп. Мындай баш аламандыктарды жою үчүн 2030-жылга чейин башкы пландарды иштеп чыгууга ар жыл сайын 30 миллион сомдон бөлүү каралган.