Жаңылыктар
Жергиликтүү кеңештин депутаты "Хизб ут-Тахрир" уюмунун мүчөсү деп шектелүүдө
Дин
Жергиликтүү кеңештин депутаты "Хизб ут-Тахрир" уюмунун мүчөсү деп шектелүүдө

Жалал-Абад облусуна караштуу Базар-Коргон районунун тургуну, жергиликтүү кеңештин депутаты "Хизб ут-Тахрир" диний экстремисттик уюмунун мүчөсү деп шектелүүдө. Ага турак жайын тинтүү учурунда экстремисттик маанайдагы материалдар табылышы негиз болгон. Адистер болсо КР аймагында тыюу салынган уюумдарга тартуу- башка жылдарга салыштырмалуу азайып бара жатканы менен минтип айылда абройлуу адамдардын шектүү болуп жатышы профилактикалык иштерди күчөтүү керектигинен кабар берет дешүүдө. Ошондой эле мындай уюумдарга билими болгону менен өз принциби, сапаты жок адамдар тартыларын белгилешүүдө. 

Белгилей кетсек, ИИМ  маалыматы боюнча 2016- жылы бул багытта 400гө жакын кылмыш фактысы катталса, анын 150нө кылмыш иши козголгон. Республика аймагы боюнча  4,5 миңге жакын профилактикалык иштер жүрүп, анда   исламды жамынып экстремизмге азгыруулар болуп жатканын калкка түшүндүрүүгө аракеттер жасалган.

Назира Молдокулова, "Биринчи радио"