Жаңылыктар
Салык кызматынын түзүлгөнүнө 27 жыл толду
Кыргызстан жаңылыктары
Салык кызматынын түзүлгөнүнө 27 жыл толду

2015-жылы 61 миллиард сомго жакын салык чогултулса, 2016-жылы ал сумма 68 миллиардка жетип, 7 миллиардга арбын болгон. Бул салык кызматкерлеринин жаңыча ыкма менен иш алып баруусунун жыйынтыгы экени салык кызматкерлеринин кесиптик майрамында айтылды. Эске салсак, бүгүн Кыргызстандын салык кызматынын уюшулганына 27 жыл толду. 

Ал эми быйылкы жарым жылдыктын жыйынтыгында эле салыктарды чогултуу 100,4 пайызга аткарылган. Салыктын арбын чогулушуна “Кыргызстандын мыкты салык төлөөчүсү” деген наамга татыган компаниялардын салымы чоң. Алардын бири "Манас" эл аралык аэропорту.


Иштин көзүн таап, ак ниет иштеген кызматкерлердин да эмгеги унутта калган жок. Жигердүү иш алып барган кесипкөй кызматкерлерге өкмөттүн жана салык кызматынын атынан атайын сыйлыктар тапшырылды. Салыкчылар өз учурунда, “Салык төлөө ар бир адамдын милдети” экенин унутпоого чакырат.
Натыйжалуу салык системасы - ар бир мамлекетин өнүгүшүнүн өбөлөгөсү. Коомдун туруктуулугун камсыздоо, каржылык көз карандысыздыкка жетишүү көбүнесе салык кызматынын ишине байланыштуу болот. Андыктан эң оболу салыкчылар өздөрүнө артылган жоопкерчиликти сезе билүүсү кажет.

Азыр көчөмө көчө кыдырып, салык чогулткан заман артта калды. Жарандар болсо салыктарды үйдөн алыс барбай, интернет банкинг, төлөм жана пос-терминалдардын жардамы менен төлөп баштады. Адистер мындай заманбап ыкмалар эгемендик жылдарындагы олуттуу жетишкендиктердин бири деген баасын берүүдө. Анткени, мындай ыкма аркылуу салык төлөөчү менен салык кызматкеринин ортосундагы түз байланыш жоюулуп, жемкорлукка жол берилбейт.