Жаңылыктар
Бишкекте «Технополис» курулат
Экономика
Бишкекте «Технополис» курулат

Өкмөттүн токтому менен Сокулук районунунан 41 гектарга жакын жер бөлүнүп берилди. Бул Кыргызстандын жеңил өнөр жай тармагы үчүн ири долбоор болуп калмакчы. Ишкана курулуп пайдаланууга берилсе 15 миң жумушчу оруну пайда болот. Ошондой эле сапат жана экспорт камсыз болот. 

Эске сала кетсек 23- июнда “Легпром”ассоциациясына 49 жылдык ижарга жер тилкесин бөлүп берүү боюнча өкмөт башчы  токтомго кол койду. 

Ассоциациядан билдиришкендей учурда 40 ишкана курулуш иштерин баштоого дайын турат. Учурда өлкөдө 150 миң адам ар кандай шарттагы тигүү ишканаларында эмгектенет.

Назира Молдокулова, "Биринчи радио"