Жаңылыктар
Парламент кезектеги эс алууга тарады
Саясат
Парламент кезектеги эс алууга тарады

6-чакырылыштын депутаттары артта калган 10 ай аралыгында бир катар мыйзамдарды чыгарууга жетишти. Бирок чечилбей калган маселелер, ишин жыйынтыктабаган депутаттык комиссиялар да болду. Коомчулукта парламент мокок, ич ара ынтымаксыз, популизм менен алектенген эл өкүлдөрүнө жык толгон деген сындар да айтылса, Жогорку Кеңеш мыйзам чыгаруу, көзөмөлдөө функцияларын жакшы аткарды дегендер да бар. Ал аралыкта жүрүм-туруму, жогорку трибунада сүйлөгөн сөздөрү, өзүн алып жүрүү маданияты катуу сынга алынган депутаттар да болду. 

Эске салсак, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 77-беренесине ылайык, Жогорку Кеӊештин сессиясы сентябрь айынын биринчи жумушчу күнүнөн тарта июнь айынын акыркы жумушчу күнүнө чейин жүрөт. Эми июль айында депутаттар аймактардагы шайлоочулар менен иш жүргүзөт, андан кийин бир ай эмгек өргүүсүндө болмокчу.

Сүймөнкул Идирисов, "Биринчи радио"