Жаңылыктар
Мамлекеттик органдар электрондук башкаруу системасына өтүшү мүмкүн
Саясат
Мамлекеттик органдар электрондук башкаруу системасына өтүшү мүмкүн

Алды менен элге кызмат көрсөтүп жаткан мамлекеттик органдарды электрондук башкаруу системасына  өткөрүү керек. Өкмөт башчы Сооронбай Жээнбековдун айтымында  бул боюнча эл менен түздөн-түз иштешип жаткан мамлекеттик каттоо кызматы менен Архитектура, курулуш турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигине нааразычылыктар арбын катталууда. 

Өлкөдө жалпысынан  мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн 370тен ашуун түрү болсо анын 189 тандалып алынып, электрондук форматка өткөрүү боюнча иштер уланып жатат. 

Эске салсак өлкөдө жалпысынан мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн 370тен ашуун түрү болсо, анын 189у тандалып алынып, октябрь айына чейин электрондук форматка өткөрүү боюнча иштер бүткөрүлөт.

Мээрим Абдраманова, "Биринчи радио"