Жаңылыктар
Балыкчыдагы гемодиализ борбору толук кандуу ишин баштады
Ден соолук
Балыкчыдагы гемодиализ борбору толук кандуу ишин баштады

Балыкчы шаарындагы мындан үч ай мурун ачылган гемодиализ борбору эми гана толук кандуу ишин баштады. Бирок бөйрөктү жасалма жол менен тазалоочу беш жабдыктын экөөсү гана иштеп жатат, себеби айрым жабдыктар жана суу тазалоочу система өтө кымбат болгондуктан аны сатып алуу кыйынчылыкка турууда. 

Мындан сырткары дарыгерлердин жетишсиздиги да көйгөй жараткан. 

Белгилей кетсек бул борборду жеке ишкер Мирлан Исагалиев өздүк каржатына салып, кийин саламаттыкты сактоо министрлигинин кармагына өткөрүп берген. Азыркы тапта бул борбор өкмөттүн жана жеке тараптардын колдоосуна муктаж болуп турат.