Жаңылыктар
Каттоого турбагандарга нике кыйган молдолорду жазалоо демилгеси
Кыргызстан жаңылыктары
Каттоого турбагандарга нике кыйган молдолорду жазалоо демилгеси

Колунда ЗАГС кагазы жок туруп баш кошкону жаткандарга нике кыйган молдокелер 3 жылдан 5 жылга чейин эркинен ажыратылсын. Үй бүлө кодекси менен кылмыш-жаза кодексине дал ушундай өзгөртүү киргизүү зарыл деген мыйзам долбоорун Жогорку Кеңеште отурган Ата Мекен фракциясынын депутаттары демилге катары көтөрүп чыгып, жактырышты.

Демилгечи депутаттардын пикиринде мындай өзгөртүү жашы жете элек кыздардын эрте турмушка чыгышына жол бербейт жана эки же андан ашык аял алам деген эркектердин дымагына чекит коет. Турмуш көрсөткөндөй дал ушул молдокелер үй бүлө куруу маселесине келгенде чоң роль ойноору бышык. 

Аялдар туш болгон зомбулук, ала качуу, 3-4 төн аял алып кыз-келиндердин укугун тебелөө, гендердик теңсиздик деген маселелерди оң жагына өзгөртүп кое турган көп мүмкүнчүлүк ушуларда. Бирок эмнегедир мыйзамды туу туткан демилгелер бул тараптан азыраак кездешүүдө. Кененирээк
Тариэл Чуңгуловдун сюжетинде: