Жаңылыктар
Президенттикке өзүн-өзү талапкерликке көрсөткөн дагы үч жарандан арыз түштү
Шайлоо 2023
Президенттикке өзүн-өзү талапкерликке көрсөткөн дагы үч жарандан арыз түштү

БШКга Кыргыз Республикасынын Президенттик кызматына, өзүн-өзү талапкерликке көрсөткөн дагы үч жарандан арыз түштү. Алардын бири пенсионер Замира Муратбекова болсо, экинчиси убактылуу жумушсуз Санжарбек Энназаров. 

Мындан сырткары БШКга «Сүймөнкул Чокморов» коомдук фондунун төрагасы Сагынбек Абдрахманов дагы өзүн-өзү көрсөткөн арыз берген. Ошондо, Борбордук шайлоо комиссиясына бүгүнкү күндө 13 жарандан арыз келген. Андан сырткары саясий партиялар тарабынан көрсөтүлгөндөрдүн саны экөө.