Жаңылыктар
Н.Назарбаев чет элдик жарандар акысыз дарылана ала турган мыйзамга кол койду
Ден соолук
Н.Назарбаев чет элдик жарандар  акысыз дарылана ала турган мыйзамга кол койду

Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев чет элдик жарандар анын ичинде кыргызстандыктар дагы өлкө аймагында акысыз дарылана ала турган мыйзамга кол койду. 

Мыйзамга ылайык, 2018-жылдын 1-январынан тарта Казакстандын Социалдык медициналык камсыздандыруу фонду бирдиктүү кызмат көрсөтүп баштайт. 

айтканда чет элдиктер жана жарандыгы жок кишилер казакстандыктардай эле акысыз медициналык жардам алууга укуктуу болот. Казакстандын саламаттык сактоо министри Елжан Биртанов билдиргендей бул мыйзамга ылайык 18 жашка чейинки баардык жарандар, майып балдарын баккан адамдар акысыз дарылануу укугуна ээ болушат.