Жаңылыктар
В.Матвиенко Кыргызстандагы иш сапарынын алкагында Ысык-Көлгө барды
Кыргызстан жаңылыктары
В.Матвиенко Кыргызстандагы иш сапарынын алкагында Ысык-Көлгө барды

Россия Федерациясынын Федералдык Жыйынынын Федерация Кеңешинин Төрайымы Валентина Матвиенко Кыргызстанга болгон иш сапарынын алкагында Ысык-Көл облусуна барды. Матвиенкону Тамчы айылындагы аба майдандан Жогорку Кеңештин Төрагасы Чыныбай Турсунбеков тосуп алды. Алар "Балдар-Шериктештиги" эл аралык маданий-билим берүүчү форумунун мааракелик иш-чарасына катышып, анда эс алып жаткан балдар менен жолугушту. 

КМШга кирген өлкөлөрдүн "Балдар-Шериктештиги" эл аралык маданий-билим берүүчү форуму, жыл сайын Ысык-Көлдүн жээгинде Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин жана КМШ Парламенттер аралык Ассамблеясынын жетекчилиги менен өткөрүлүп келет. Форумга шериктештикке кирген мамлекеттерден келген балдар катышат. 

Форумдун максаты - КМШга мүчө мамлекеттердеги мектеп окуучулары менен жаштардын жетишкендиктерин арттыруу жана нравалык, маданий салттык дүйнө таанымын байытуу үчүн алардын пикир алмашуусуна шарт түзүү. Быйылкы форумга Армения, Беларусь, Молдова, Казакстан, Кыргызстан, Россия, Тажикстан, Өзбекстандан келген балдар катышууда.