Жаңылыктар
Табияттын кооздугу сүрөттөрдө
Маданият
Табияттын кооздугу сүрөттөрдө

Сүрөтчү, педогог Табылды Байбосуновдун 70 жылдык мааракесине карата анын жеке көргөзмөсүнүн бет ачаары болду. Сүрөтчүлөр союузунун Эмен багы көргөзмө залында өткөн саамалыкка ата-мекендик сүрөтчүлөр, искусство сүйүүчүлөрү жана коңшу өлкөнүн искусство өкүлдөрү катышкан. 

Табылды Байбосуновдун эмгектеринин арасында жаратылыштын көз жоосун алган көрүнүштөрү чагылдырылган сүрөттөр басымдуулук кылат. Муну менен сүрөтчү - жаратылышты коргоого, ага аяр мамиле жасоого чакырык таштаарын билдирет. 

Эске салсак, Табылды Байбосунов 1947-жылы Ысы-Көл районунун Бостери айылында жарык дүйнөгө келген. 36 жыл Чуйков атындагы мамлекеттик көркөм өнөр окуу жайында иштеген.Учурда Кыргыз Мамлекеттик Курулуш, Транспорт жана Архитектура университетинде эмгектенип жатат.