Жаңылыктар
ЕАЭБдин жаңы техникалык регламенттери күчүнө кирет
Экономика
ЕАЭБдин жаңы техникалык регламенттери күчүнө кирет

12-августта Евразия экономикалык биримдигинин 18 техникалык регламенти күчүнө кирет. Алар уюмга мүчө өлкөлөрдүн баарында тоскоолдуксуз ишке ашырылып, азык-түлүктөрдү рынокко чыгаруунун бирдиктүү системасы түзүлөт. Бардык продукциялар үчүн бирдей документтер колдонулат. Техникалык регламенттер товарлардын сапатын арттырып, коопсуздугун камсыз кылууга багытталган.

ЕАЭБдин уюмга мүчө өлкөлөргө бирдей талап коюп, бирдей шарт түзүү принциби бар. Кыргызстан биримдиктин босогосун аттаганда берилген өткөөл мезгил соңуна чыккан. Ишкерлер эми жаңы эрежелер менен тааныш болушу керек. Келээрки айда иштей турган 18 техникалык регламент товарларды эркин жүгүртүүгө шарт түзөт, бирок ал үчүн талаптар да жогору. Аткарылган иштер менен катар айрым көйгөйлөр да бар.
“18 техникалык регламенттердин ичинен алтоону сертификаттоо боюнча органдар республикада жок. Сыноо лабораториялар жок. 18 техрегламенттин ичинен 8 техрегламент тамак-аш коопсуздугун жөнгө салат. Сапат менеджмент ХАССП иштейт. Бул тамак-аш коопсуздугун камсыз кылуу үчүн маанилүү”,- деп билдирди Экономика министринин орун басары Элдар Абакиров.

Тамак-аш коопсуздугуна байланыштуу техникалык регламенттер - товарды таңгактоонун сапаты, жер жемиштер жана жашылчалар, сүт жана сүт азыктары, майлуу продукциялар, эт жана эт азыктарынын коопсуздугу болуп өз-өзүнчө документтерге камтылган. Аларды ишке ашыруу үчүн сыноо лабораториялары менен сертификациялоо боюнча органдар иштейт.