Жаңылыктар
“Кыргыз темир жолу” ишканасынан коррупциялык тобокелчиликтер аныкталды
Коррупция
 “Кыргыз темир жолу” ишканасынан коррупциялык тобокелчиликтер аныкталды

“Кыргыз темир жолу” мамлекеттик ишканасында 4 коррупциялык зона жана 19 тобокелчилик бар экени аныкталды. Иликтөөнүн жыйынтыктары тууралуу коопсуздук кеңеши билдирди.Эксперттик жумушчу топ коррупцияга каршы саясатты ишке ашыруу боюнча мамлекеттик стратегиянын алкагында, “Кыргыз темир жолу” улуттук компаниясында бир айдан ашык текшерүү жүргүзгөн. 

Коопсуздук кеңешинен билдиришкендей, коррупциялык зоналар бюджетти түзүү жана аткарууда, мүлктү жана ресурстарды колдонууда, аны менен катар кадр саясатында паракорчулук бар деп табылган. “Кыргыз темир жолу” чарбалык эсептеги мамлекеттик ишкана болгондуктан, ал чыгымдарын бюджетин, ага катар капиталдык салымдар боюнча каражаттарын өз алдынча аныктайт. 

Оңдоо иштери жана курулушта жумуштун баасын жогорулатуу- олуттуу коррупциялык зона болуп эсептелет. Анын ичинен, бааны жогорулатуудан келип чыккан айырманы- жалдануучу мекемелерге ресурстук база түзүү жана жеткирүүчүлөргө жең ичинен каражат төлөп берүү максатында колдонушат. Коррупциялык тобокелчиликтердин ичинде кеңселерди жана жер тилкелерин ижарага берүү маселеси да бар. Изилдөөлөр көрсөткөндөй, ижарачыларды тандап алуу эрежеси ачык айкын эмес, бул өз кезегинде коррупциялык кирешелерди алуу мүмкүнчүлүгүн күбөлөп турат. Мекемеде товарларга, материалдык керектөөлөр зарыл болгон акча каражаттарынын көлөмүн аныктоо ыкмасы жана нормалары жок.