Жаңылыктар
Улуттук суусундуктар ЕАЭБ базарына чыгат
Экономика
Улуттук суусундуктар  ЕАЭБ базарына чыгат

Кыргыздын улуттук суусундуктары жакынкы күндөрү ЕАЭБ өлкөлөрүнө чоң көлөмдө экспорттоло баштайт. Буга азыр даярдык күч. Өндүрүштүн көлөмүн 2 эсеге жогорулатып, эл аралык базардын талаптарын аткарууга кыргыз-орус өнүктүрүү фонду каражат бөлүп берди. Кыргыздын улуттук суусундуктарын өндүргөн ишканага кабарчыбыз Актилек Гүлжигит кызы барып, даярдыктарды көрүп келди.

Ошентип,майдаланган талкандан жарма, максым, бозо, чалап жана башка улуттук суусундуктар жасалат. Заманбап жабдыктар сатылып алынганы, иш илгерилеп, өндүрүштүн сапаты бир топ жогорулаган. Кыргыздын улуттук суусундуктары жакынкы күндөрү ЕАЭБдин базарына чыгууга даярданып жатат. Ал үчүн өндүрүштүн көлөмүн көбөйтүү зарыл. Эң башкысы, сапат. Бул үчүн лабораториялар жаңыланып, керектүү эл аралык талаптарга жооп берген жабдыктар менен жабдылды.