Жаңылыктар
Текебаев жана Чотоновдун үстүнөн козголгон кылмыш иши боюнча соттук отурум уланат
Саясат
Текебаев жана Чотоновдун үстүнөн козголгон кылмыш иши боюнча соттук отурум уланат

Бүгүн, 5-июлда Бишкектин Биринчи Май райондук сотунда депутат Өмүрбек Текебаев жана мурдагы элчи Дүйшөнкул Чотоновдун үстүнөн козголгон кылмыш иши боюнча соттук отурум уланат. Кечээ күнкү соттук териштирүүдө күбө катары "Мегакомдун" учурдагы жетекчиси Азат Базаркулов көрсөтмө берип, Текебаев жана анын  партиясына орус ишкерлери тарабынан бир миллион доллар акча берилгенин укканын айтты. Кечээ ошондой эле, "Кыргызтелекомдун" коммерциялык директору Максим Сидоренко суралды.

Соттук териштируу мурдакылардан айырмаланып, тартип катуу көзөмөлдөндү. Тартипти бузгандар сыртка чыгарылды. Отурумга катышууну каалагандардын саны көп болгондуктан айрымдар, ал турсун журналисттер да кире албай калган учурлар болду. 

Соттук отурум жумуш убактысы бүткөндүгүнө чейин созулду. Башка күбөлөрдүн жок болгондугуна байланыштуу отурум бүгүн улантылмай болгон.

Бозулан Ысаков, “Биринчи радио”