Жаңылыктар
Санариптик телеберүүгө толугу менен сентябрда өтөт
Кыргызстан жаңылыктары
Санариптик телеберүүгө толугу менен сентябрда өтөт

Кыргызстан санариптик телеберүүгө толугу менен сентябрда өтөт. Мамлекеттик байланыш комитетинин төрагасы Бакыт Шаршембиевдин билдирүүсү боюнча азыр бул багытта үч багытта иш уланууда. Ал арада өкмөт башчы Сооронбай Жээнбеков 1-октябрга чейин ишти аягына чыгаруу тапшырмасын койду. 

Кыргызстан санариптешүүнүн ачык демократиялуу жолун тандап алды. 

Ар бир этабы телеканалдар, жарандык коом, медиа эксперттердин катышуусунда өтүп келет. Мындай кадам өлкөнүн маалымат коопсуздугун камсыз кылуу, ошондой эле сапаттуу берүүлөр аркылуу калктын маалымат алууга муктаждыгын канааттандыруу маселелери менен түздөн-түз байланышкан.               

Мээрим Абдраманова, "Биринчи радио"