Президенттик шайлоого катышуу ниетин билдирген 15 талапкер БШКга арызын берди. Алардын айрымдары азыртадан эле эл алдына программаларын сунуштап, 6 жыл ичинде өлкө экономикасы өнүккөн өлкөлөрдүн катарына кошо турганын убада кылып жиберишти.
Саясатчылардын бул кадамы дароо талдоочулардын сынына кабылды. Партиялардын план-программаларынын, идеологиясынын жоктугу эксперттик коомчулуктун нааразылыгын жаратып келет.
Талдоочулар, шайлоо алдындагы куру убадаларга эмес алар сунуштап жаткан программаларды аткаруу механизмине көңул бурууга калкты чакырууда.
Гүлбүбү Усенова, "Биринчи радио"