Жаңылыктар
Кыргызстанга жылына 4 миллионго жакын турист келет
Туризм
Кыргызстанга жылына 4 миллионго жакын турист келет

Улуттук статистика комитетинин расмий  маалыматы боюнча алардын 70 пайызы Ысык-Көл облусуна келсе, 20 пайызы Ош облусуна барат. Калган 10 пайызы өлкөнүн башка аймактарын кыдырат. Бирок туроператор чет элдик коноктор үчүн тиешелүү шарт түзүлбөгөндүктөн, көп коноктордун кайра келер келбеси белгисиз. 

Азыр чет өлкөдөн келген эс алуучулар Кыргызстандагы туристик компаниялар менен келишимдерди түзө баштады. Анын негизинде ортомчулар эс алуучу жайларга жакын жашаган тургундар менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, үйлөрдү ижарага алүү аркылуу туристердин көйгөйлөрүн чечип жатат. Бирок, мындай ыкма туристерди толук канааттандырбайт. Кыргызстан чет өлкөгө сакталган эски маданияты, асман тиреген тоолору, жаратылышы менен белгилүү десек болот. Мындай кооздукка айрыкча Америка, Франция жана Кытай мамлекеттеринин жарандары суктанарын тиешелүү адистер белгилейт.

Асанбек Пазыл, "Биринчи радио"