Жаңылыктар
Катуу жааган жаандан улам аймактарда сел жүрүүдө
Кырсык
Катуу жааган жаандан улам аймактарда сел жүрүүдө

Лейлек районунун Лейлек айыл аймагында 4-июль күнү саат 20:00 чамасында жааган жаандын кесепетинен Коргон жана Ак-Терек айылдарында тоолордон сел түшкөн. Сел 17 турак-жайдын короолоруна жана 2 сарайга кирип, андан сырткары 1,4 чакырым ички чарбалык арыктар, 1,7 чакырым ички чарбалык жол ар жеринен сел калдыктарына толгон. Мында адам өмүрүнө зыян келтирилбегендигин Өзгөчө кырдааладар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Ошондой эле, Ош облусунун Чоң-Алай районунда да 3-июлда катуу жааган жаандан улам сел жүргөн. Райондун Кызыл-Эшме айылында кокту-колоттордон агып түшкөн сел ички чарбалык каналга кошулуп ташып, эки турак жайды жана бир үйдүн короосун каптады. Теңизбай жайлоосуна барган жолдун төрт чакырымы селден кийин калдыктарга толуп калды. Азыр тазалоо иштери жүрүп жатканын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.