Жаңылыктар
Өлкөдө туруксуз аба ырайы күтүлөт
Кырсык
Өлкөдө туруксуз аба ырайы күтүлөт

5-6-июлда күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу республиканын дарыяларында суунун деңгээли көтөрүлүп, тоолуу жана тоо этектериндеги райондордо сел жүрүшү мүмкүн. 7-9-июлда абанын температурасынын жогорулашына байланыштуу респуликанын дарыяларында суу ташкыны күтүлөт.

Ал эми 7-9-июлдарында кургак жана ченемден тышкары ысык аба ырайы күтүлөт: көпчүлүк аймактарда абанын күндүк орточо температурасы климаттык нормадан 6...8º жогору болуп, абанын температурасы Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарынын өрөндөрүндө түнкүсүн 20...25°, күндүз 37…42º жылуулукка чейин жогорулашы, тоо этектеринде түнкүсүн 18...23°, күндүз 33…38º чейин, Ысык-Көл ойдуңунда түнкүсүн 15...20°, күндүз 30…35º, Ысык-Көл ойдуңунда чыгышында 33...38º жылуулукка, тоолуу райондордо жана Нарын облусунын дыйканчылык аймактарында түнкүсүн 10…15º, күндүз 32...37º, в Жумгал районунда 34...39º жылуулукка, бийик тоолордо түнкүсүн 5…10º, күндүз 20...25º жылуулукка чейин көтөрүлүшү күтүлөт. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Мындай кургак жана ченемден тышкары ысык аба ырайынын учурунда организмди күйгүзүп алуудан жана ысык өткөрүп алуудан сактоо үчүн күндүз күн ачык жерлерлерде көпкө жүрбөө сунуш кылынат.