Жаңылыктар
Мыкты бүтүрүүчүлөргө президенттин колунан алтын сертификат тапшырылды
Билим
Мыкты бүтүрүүчүлөргө президенттин колунан алтын сертификат тапшырылды

Кыргызстандын келечеги жаштар жана алар эч кандай кыйынчылыктарга карабастан тынымсыз билим алууга умтулуусу керек. Мындай пикирин президент Алмазбек Атамбаев бүгүн жалпы республикалык тесттен эң жогорку упай алган мектеп бүтүрүүчүлөрүн куттуктап жатып билдирди. Өлкө башчы өз сөзүндө, жаштарга билимди бардыгынан жогору коюуну, билим гана адамды бийиктикке жеткирерин белгиледи. 

Ошондой эле бүтүрүүчүлөрдү чынчыл, таза болууга үндөп, өз мекенинде гана адам бактылуу болоорун кошумчалады.  Быйыл республика боюнча 55 бүтүрүүчү алтын сертификаттын ээси болушту, мындан сырткары аймактардан жогорку баа алган 16 окуучу мактоо баракчалары менен сыйланышты. 

Сыйлык ээлери мындан сырткары өлкө башчынын колунан бир жолу берилүүчү 10 миң сом өлчөмүндөгү стипендия жана башка баалуу белектерди алышты. Сөз соңунда мамлекет башчы бүтүрүүчүлөргө чың ден соолук, бакыт-таалай, максатына жетүү үчүн өжөрлүктү жана ийгиликтерди каалады.