Жаңылыктар
Интернет колдонуучуга кылмыш иши козголду
Кыргызстан жаңылыктары
Интернет колдонуучуга кылмыш иши козголду

 

«В Контакте» социалдык тармагынын колдонуучусуна улут аралык жаңжалга чакырык жасаганы үчүн кылмыш иши козголду. 

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин маалыматы боюнча Ахмад Абдуллаев аттуу интернет колдонуучу аталган социалдык тармакка башка улуттун өкүлдөрүнүн абийрине шек келтирген пикирин жарыялаган.Тагыраагы интернет колдонуучу жасалма сүрөт коюп, башка улуттун өкүлдөрүнө жана Кыргызстандын мамлекеттик символикаларына болгон жек көрүүсүн ачык жазган. 

Экспертизанын жыйынтыгында аталган интернет колдонуучу улут аралык жаңжалга үндөп, башка улуттун өкүлдөрүн кемсинтип, абийрине шек келтиргени аныкталган. Бул факт боюнча кылмыш кодексинин 299-беренесинин негизинде иш козголуп, иликтөө иштери жүрүп жатат.