Жаңылыктар
КТРК менен Беларусь телеканалы бир катар макулдашууга кол коюшту
УТРК жаңылыктары
КТРК менен Беларусь телеканалы бир катар макулдашууга кол коюшту

Бишкекке Беларусь Республикасынын улуттук телерадио компаниясынан делегация келип, Коомдук  телерадиоберүү корпорациясынын жетекчилери менен жолукту. Жолугушуунун жүрүшүндө эки тарап, бир катар макулдашууларга кол коюшту. 

Анда КТРК менен Белоруссиялык телеканалдын ишмердүүлүгүн мындан да өнүктүрүү маселеси каралды. Тактап айтканда эми Коомдук биринчи каналдан кеткен айрым маалыматтык сюжеттер беларуссиялык каналдан да көрсөтүлүп, эки тарап бири-бирине маалымат алмашып турмай болду.