Жаңылыктар
Жээнбеков: жол курууда сапат маанилүү
Кыргызстан жаңылыктары
Жээнбеков: жол курууда сапат маанилүү

Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков Чүй облусундагы жолдордун курулушу менен таанышуу учурунда тиешелүү жетекчилерге сапатка көңүл буруу талабын койду. Борбор калаадан Кара-Балтага кеткен жолдун айланасындагы 3 миңдей дарак кыйылып, анын ордуна 4 жарым миң дарактар кайра отургузулат. Өкмөт башчысы баардык ишти өз мөөнөтүндө бүтүрүүнү тапшырды. 

Тендерге байланыштуу талаштарга чекит коюлуп, Бишкек - Кара-Балта жолунда оңдоо иштери башталды. 70 миллион доллар каралган курулуш иштерин кытайлык компания 3 жылдын ичинде жыйынтыкташы керек. Өкмөт башчысы тиешелүү жетекчилерге аны белгиленген убакытта бүтүрүү жана сапатка көңүл буруу талабын койду. 

Жолду кеңейтүүнүн жүрүшүндө дарактарды массалык түрдө кыюуга туура келүүдө. Бирок, алардын орду унаалардын жүрүшүнө тоскоол болбогон абалда толукталат. Ошондой эле коммерциялык жайларды көчүрүп, аларга кенемте төлөп берүү каралган. Жол менен кошо тиешелүү инфраструктуралар да жөнгө салынат.

Бишкек - Кара-Балта жолу 45 чакырым аралыкты түзөт. Курулуш иштерине байланыштуу жолдун бир бөлүгү жабылат.