Жаңылыктар
Өкмөт башчынын Чүйдөгү сапары
Саясат
Өкмөт башчынын Чүйдөгү сапары

Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков Чалдыбар көзөмөл өткөрмө пунктун модернизациялоо ишин тездетүүнү тапшырды. Жаңылануунун натыйжасында андагы өткөрүү мүмкүнчүлүктөрү 2 эсеге жогорулайт. Өкмөт башчысы Чүй облусуна жасаган сапарынын алкагында Суу сактагычтын абалы менен да таанышып, бир катар социалдык жайларды көрдү.

Жайыл районуна караштуу Ак-Башат айылындагы суу сактагыч 1940-жылы курулган. Андан бери бир да жолу тазаланган эмес. 430 миң куб көлөмдөгү сууну батыра турган обьекттин 80 пайызы ылайга толуп калган. Тазалоо иштери жүргүзүлсө 3 миң гектардан ашуун жер сугат суу менен камсыз болмок. 

Айыл-чарбасына өзгөчө маани берген аткаруу бийлигине бул көйгөй жакшы тааныш. Тазалоо иштерине 30 миллион сом талап кылынат. Премьер-министрдин тапшырмасына ылайык каражат этап-этабы менен бөлүнүп, тиешелүү иштер 3 жылдын ичинде бүткөрүлүшү керек. Жээнбеков бардык суткалык суу бөлүштүрүүчү бассейндерге мониторинг жасоону тапшырды.

Мындан сырткары жергиликтүү элде мектеп тартыштыгы да көйгөй болууда. Маселен, өкмөт башчысы баш баккан Орозалы Текеев атындагы орто мектепте белгиленген курулуш иштери бир нече жылдан бери жүргүзүлбөй турат. Спорт зал, ашкана гана эмес класстык бөлмөлөрү да жетишсиз, Букара айылынын ондогон балдары башка айылга барып билим алганга аргасыз. Сооронбай Жээнбеков тиешелүү жетекчилерге курулуш үчүн зарыл болгон каражаттарды бөлүп, ишти соңуна чыгарууну тапшырды.

Андан соң премьер-министр “Чалдыбар” көзөмөл өткөрмө пунктунда болду. Айрым учурларда коңшу өлкөгө каттагандар кезек күтүп калышат. Мындан улам аталган жайды модернизациялоо зарылчылыгы жаралган. Жээнбеков жаңылоо иштерин өз мөөнөтүндө бүтүрүүнү тапшырды.

Өлкөгө автоунаалар жана адамдардын кирип чыгышы Кыргызстан Евразия экономикалык биримдигине кошулгандан бери көбөйгөн. Кайра куруунун натыйжасында “Чалдыбар” көзөмөл өткөрмө пунктунда паспорт текшерүүчү кабиналардан мурдагыдай алтоо эмес оноо иш алып барат.