Жаңылыктар
ЕАЭБтин техрегламенти тамак-аш продукцияларынын коопсуздугун жөнгө салат
Экономика
ЕАЭБтин техрегламенти тамак-аш продукцияларынын коопсуздугун жөнгө салат

2017-жылдын 12-августунан тартып Кыргызстанда күчүнө кирүүчү ЕАЭБтин18 техникалык регламентинин ичинен сегиз техрегламент тамак-аш продукцияларынын коопсуздугун жөнгө салат. Ошондой эле мунун катарында темир жол транспорту тармагы менен жеңил өнөр жай продукция коопсуздугу дагы бар. 

Күчүнө кирип жаңы иштей турган  техникалык регламенттерди бир катар мекемелер тейлейт. Маселен Саламаттыкты сактоо министрлиги балдардын оюнчуктары менен косметикалык каражаттар жагын тейлейт. Оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык–эпидемиологиялык көзөмөл департаментини директору Төлө Исаковдун ырасташынча мындай продукциялар өлкөдө өндүрүлбөсө дагы  аларды текшерүү жаатында даярдыктар уланууда.

Ал эми Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетине тийиштүү 4 техрегламент бар. Алар жеңил өнөр жай продукциялары менен эмеректер жана лифтердин,  жарылуучу материалдардын, андан жасалган буюмдардын коопсуздугу жөнүндө регламенттер болуп эсептелет. Маалыматка ылайык, бул жаатта эки  каттоодон өткөн лаборатория бар.

Мээрим Абдраманова, "Биринчи радио"