Жаңылыктар
Текебаев менен Чотоновдун иши боюнча күбөлөр суракка алынууда
Кылмыш
Текебаев менен Чотоновдун иши боюнча күбөлөр суракка алынууда

Бишкектин Биринчи май райондук сотунда 5-июль күнү Өмүрбек Текебаев менен Дүйшөнкул Чотоновдун иши боюнча соттук отурум уланды. Анда ишти карап жаткан судья Айбек Эрнис уулу Наталья Самсонкинанын тергөөдө берген көрсөтмөсүн окуду. Самсонкина 2010-жылы Леонид Маевскийдин катчысы болуп иштеген. Аны суракка алуу Москвада жүргүзүлгөн. Ал 2010-жылы жаз айларында Маевскийдин компаниясына Кыргызстандан 10 кишиден турган делегация келгенин тастыктаган. Мындан сырткары, Дүйшөн аттуу адамды телефон аркылуу жетекчиси байланыштырганын айткан. Тергөөнү суроолоруна жооп берип жатып Самсонкина мен жеке 500 миң еврону колум менен санадым, ал убактагы курс боюнча бул 700 миң доллардай болчу жана Маевскийдин көрсөтмөсү менен жогоруда айтылган 2010-жылы келген делегациянын курамындагы бир адамга бергем. Мындан сырткары, Маевский 2010-жылдын жай айларында дагы 300 миң доллар санап берүүмдү суранып, ал акчаны Кыргызстандагы бир адамга берип жиберген деп көрсөтмө берген. Көрсөтмөдө Самсонкина Текебаевди, Чотоновду жана ошондой эле Талант Маматкеримовду билбестиги айтылган.

4-июлдагы соттук отурумда "Мегаком" компаниясынын башкы директору Азат Базаркулов көрсөтмө берген. 2010-жылы ал "Альфа Телеком" жабык акционердик коомунун тышкы башкаруучусу болгон. Күбөнүн айтымына караганда, 2010-жылы орусиялык Пенвелл групп компаниясы Мегакомдун көзөмөлдөөчү пакет акциясын сатып алууга кызыкдар болгон. Кийинчерээк ал Талант Маматкеримов менен жолугушкан, ал өзүн Дүйшөн Чотоновдун тууганы деп тааныштырып, орусиялыктар уюлдук компаниянын активдерин сатып алууну каалап жатышканын айтып берген жана Алексей Модин менен жолугушканын тастыктаган. 

Ошондой эле, 5-июлдагы соттук отурумда маркум Талант Маматкеримовдун жубайы Жылдызкан Ташматованын көрсөтмөсү окулду. Ал суракта анын жолдошу юрист болгонун, 2014-жылы боор циррозунан каза болгонун айтып берди. Мындан сырткары, ал тергөөгө Текебаев, Чотонов жана анын күйөсү убагында орусиялык жарандар менен жолугушканын билдирген. 

"Күйөөм Чотонов менен жердеш экенин билем, алар айрым бир иш-чараларда жолугушуп турушчу. Талант- Чотонов менен тыгыз байланышта болчу, ал менин жолдошумдун "Вефа борборундагы" кеңсесине келчү, бир жолу биздин үйгө да келген. Менин күйөөм Текебаев менен Москвага учуп барып келген. Бул 2010-жылдын август айынын аягы же сентябрдын башы болчу. Сапары көпкө созулган эмес, ашып кетсе бир сутка болгон. Алардын сапары "Мегаком" маселесине байланыштуу эле. Менин жолдошум аралашкан иш аракеттердин бардыгы компанияны сатып алууну каалаган орусиялыктарга байланыштуу болгон", - дейт маркум Т.Маматкеримовдун жубайы Жылдызкан Ташматова.

Эске салсак, Текебаев менен Чотонов учурда Мегаком уюлдук байланыш компаниясынын айланасындагы кылмыш ишине байланыштуу "Коррупция" жана "Алдамчылык" беренелери боюнча айыпталууда. Башкы прокуратура аларга орусиялык ишкер Леонид Маевскийден бир миллион доллар пара алган деп айып таккан. Алар ушул жылдын февраль айында камалып, УКМКнын убактылуу кармоочу жайында кармалууда. Соттук териштирүүлөр 5-июнда башталган, ошол учурдан бери жактоочу тарап ишти кароону атайылап создуктуруп, коомчулукту адаштырууга аракет кылып жатканын мамлекеттик айыптоочулар белгилешет.