Жаңылыктар
Путин Кыргызстандын айдоочулук күбөлүгүн таанууну колдойт
Кыргызстан жаңылыктары
 Путин Кыргызстандын айдоочулук күбөлүгүн таанууну колдойт

Орус президенти Владимир Путин Кыргызстандын айдоочулук күбөлүгүн таануу боюнча Мамлекеттик думанын депутаттарынын идеясын колдойт. Бул туурасында президенттин пресс-катчысы Дмитрий Песковго шилтеме жасап РБКга билдирди. 

Песковдун айтуусунда, орус лидери Кыргызстандын баш мыйзамына ылайык орус тили расмий тил экенин эске алуу менен бул кайрылууну колдоого алат. Тыюу салууну дума чет мамлекеттин жарандары орус тилин жеткиликтүү билбегенине байланыштуу кабыл алган. Мамлекеттик дума Кыргызстандын айдоочулук күбөлүгүн ишкерчилик аракетте таануу боюнча кайрылууну президентке 5-июлда жолдоду. 

Белгилей кетсек, 2017-жылдын 1-июнунан баштап Орусияда жүк ташуу, такси жана автобус айдоочуларында Орусиянын айдоочулук күбөлүгү жок болсо ишмердүүлүк жүргүзүүгө тыюу салган. Мыйзамдын аткарылышы чет мамлекеттер сыяктуу эле Кыргызстандын жарандарына да тиешелүү.