Жаңылыктар
Ош облусунда 2 адамдын өмүрүн алган унаа кырсыгы катталды
Кырсык
Ош облусунда 2 адамдын өмүрүн алган унаа кырсыгы катталды

Ош облусунун Кара-Суу районунда унаа кырсыгы катталды. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кабарлагандай, "Шагман" жүк ташуучу унаасы менен "Деу Матиз" сүзүшүп, "Деу Матиз" кагылыштан оодарылып кеткен. 

Окуя болгон жерге 6 куткаруучу келип, жеңил унаанын айдоочусу жана жанындагы айым мерт кеткендигин аныктады. Алардын денелери кайгуул кызматына өткөрүлүп берилди.