Жаңылыктар
Айтматов совет доорунда кыргыз тилинин көйгөйлөрүн тайманбай көтөргөн
Маданият
Айтматов совет доорунда кыргыз тилинин көйгөйлөрүн тайманбай көтөргөн

Мамлекет  башчысынын Жарлыгына ылайык, 2018-жылы залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдыгы улуттук жана эл аралык деңгээлде белгиленет. Дүйнөлүк атагы бар кыргыздын даңктуу уулун 90 жылдык маарекесине карата замандаштары эскерет.    

Чыңгыз Айтматов эң алды жазуучу катары ааламга атагы кеткен ойчул. Экинчи жактан көрүнүктүү саясый ишмер катары тарыхый доорго  жараша саясый ишмердиги өзүнчө терең мааниге ээ. Бул багытта Совет  доорунда эч ким даап айта албай келген кыргыз тил  маселеси, түрк цивилизациясы жана дүйнөдө тынчтык-согуш маселеси өңдүү олуттуу  маселени тайманбай көтөрүп чыгып, ага дүйнө лидерлеринин көңүл  бурдурган учурлары бар  -дейт,   философия илимдеринин  доктору,  профессор Жамгырбек Бөкөшев. Маекти аудиодон укса болот.

Зинакан Кайыпова, “Биринчи радио”