Жаңылыктар
Абулгазиев: "Жаңы конуштарды суу, электр энергиясы менен камсыздоону тездетүү керек"
Кыргызстан жаңылыктары
Абулгазиев: "Жаңы конуштарды суу, электр энергиясы менен камсыздоону тездетүү керек"

Вице-премьер-министр Мухаметкалый Абулгазиевдин иш-сапары бүгүн Өзгөн районунда уланды. Абулгазиевдин айтымында, табигат кырсыктарынан улам, орун которгон жарандарга көрсөтүлүп жаткан камкордуктун баары президент менен өкмөт башчынын жеке көзөмөлүндө турат. Бул үчүн мамлекеттик бюджеттен 300 млн.сом каражат каралды. Өзгөн районундагы ар кандай жаратылыш кырсыктарынан улам, орун которууга мажбур болгон миңден ашуун үй-бүлөнү коопсуз жакка көчүрүү үчүн аталган райондун аймагынан 219 гектар жер аянты трансформацияланып, баш план иштелип чыккан. Жаман-Адыр аймагында 175 гектар жер аянтына 800дөн ашуун жер тилкеси бар. Ар бир үй-бүлөгө 8 сотыхтан бөлүнгөн.

Бул аймакта курулуш иши кызып турган чак. Алгачкылардан болуп көчүрүлүп келген Жалпак-Таштыктардын алды үйүнүн дубалын ура баштаса, арты пайдубалын түптөөдө. Жаңы трумуш баштап жаткандар үчүн азыр ар бир күн эмес, ар бир саат маанилүү. Максат: суук түшкөнчө баш-паанек тургузуп алуу. Жаңыдан түптөлүп жаткан конуш- жашоо-тиричиликке зарыл болгон бардык шарттар менен камсыз болоору, бул үчүн өкмөт 300 млн.сомдон ашуун акча каражатын бөлгөнү айтылды. Абулгазиев, жаңы конушка суу тартып келүү, электр энергиясы менен камсыз кылуу жана жол салуу иштерин тездетүүнү тапшырды. 

Аюу, Зергер айылынын тургундарына берилген Ана-Кызыл участкасындагы 43 гектар жерге электр чубалгылары тартылып, 3 чакырымдан суу тартылып келинет. Таза суу, 20-июлга чейин берилмей болууда. Эки участкада бир убакта, 275 орундуу эки мектептин курулушу башталат. Заманбап типтеги билим уялары үчүн 130 млн.сом каралган.
Бүгүнкү күнгө Жаман-Адыр аймагына 349 тонна цемент жеткирилди. Курулуш каражаттары өкмөт башчынын жеке сүйлөшүүлөрүнүн негизинде, завод баасынан да төмөн сатылууда. Жалпы Өзгөн районунда коопсуз аймакка көчүрүлө турган жарандардын саны азыркы тапта 1100дөн ашты. Миргүл Бокошева, Акжол Айбашов, КБк Ош облусу

Бүгүнкү күнгө Жаман-Адыр аймагына 349 тонна цемент жеткирилди. Курулуш каражаттары өкмөт башчынын жеке сүйлөшүүлөрүнүн негизинде, завод баасынан да төмөн сатылууда. Жалпы Өзгөн районунда коопсуз аймакка көчүрүлө турган жарандардын саны азыркы тапта 1100дөн ашты.