Жаңылыктар
Мурда соттолуп же үстүнөн кылмыш иши козголгондор президенттикке талапкерлигин кое алабы?
Шайлоо 2023
Мурда соттолуп же үстүнөн кылмыш иши козголгондор президенттикке талапкерлигин кое алабы?

Мурда соттолгон же учурда үстүнөн кылмыш иши козголуп соттук териштирүү жүрүп жаткан адамдар президенттикке талапкерлигин кое алабы деген суроо учурда коомчулукта кызуу талкууланып жатат. Бул маселе айрыкча Садыр Жапаров менен Өмүрбек Текебаев соттолуучу макамы менен президенттик шайлоого катышуу үчүн Борбордук шайлоо комиссиясына арыз бергенден кийин күч алды. Кээ бир юристтер соттолуучуларды талапкер кылып каттоого мыйзам жагынан да жол берилбей турганын айтышууда. Юридика илимдеринин доктору Канатбек Камытов, президенттикке кылмыш жоопкерчилигине тартылып жаткан саясатчылардын талапкерлигин көрсөтүу боюнча так эрежелерди келтирген. Анын пикири жергиликтүү маалымат каражаттарында басылды.

Бул саясатчылардын тарапташтары, эгер саясатчы-талапкер соттолбогон болсо шайлоого катышууга укугу бар деп коомчулукту ишендиришүүдө. Бирок бул маселе жөнөкөй эмес жана талапкер катары жылдырылып жаткан соттолуучунун жактоочулары жаңылышат же коомчулукту адаштырып жатышат.
Бул жерде түшүндүрүүчү жагдай, шайлоо мыйзамдары экиге бөлүнөт, активдүү- шайлоого укугу бар жана пассивдүү- шайланууга укуктуу болуп.
Эгер “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо жөнүндөгү” мыйзамга карай турган болсок, сот тарабынан аракетке жөндөмсүз деп таанылган жарандар, соттун күчүнө кирген айыптоо өкүмү бар адамдар шайлоого, шайланууга укуксуз.
Бул активдүү жана пассивдүү шайлоо укугу кийинки жактарда толугу менен жок болушу мүмкүн дегенди түшүндүрөт, алар: шектелүүчү, айыпталуучу, соттолуучу, соттолгон жана эркинен ажыратылгандар кармалуучу жайда кармалып тургандар. Андыктан соттолуучулар жана соттолгондор шайлоого жана шайланууга укуксуз.
Тактап айтканда, соттолуучу Өмүрбек Текебаев же Садыр Жапаров шайлоого президенттикке талапкер катары катыша албайт, анткени алар азыркы учурда соттолуучу болуп эсептелет. 

Башка юристтер болсо, жаранга соттун айыптоо өкүмү чыкканга чейин ал шайлоолорго катышууга укуктуу экенин айтып келишет. Бирок баары бир деле соттолуучунун баш коргоо чарасын сот аныктайт. Жарандын президенттикке ат салышуу пикирин билдиргени- анын баш коргоо чарасы милдеттүү түрдө өзгөрөт деген норма мыйзамда жок. Башка серепчилер, шайлоо өнөктүктөрүнүн учурунда талапкер көрсөтүүдө анын моралдык этикалык жагына да көңүл буруу зарыл дешет. Маселен оор кылмышка айыпталып жаткандар кантип өлкө башчылыгына ат салышат деген суроо турат.