Жаңылыктар
Бүгүн Дональд Трамп менен Владимир Путин жолугушат
Дүйнө
Бүгүн Дональд Трамп менен Владимир Путин жолугушат

Германиянын Гамбург шаарында Париж келишимине ылайык дүйнөлүк климатты талкуулаган "Чон жыйырма" тобунун эки күндүк саммити башталат.

АКШ президенти Дональд Трамптын Орусия президенти Владимир Путин менен биринчи жолугушуусу да ушу күнгө белгиленген. Буга ылайык Гамбург шаарынын полициясы бул иш-чараны өткөрүүгө каршы чыккан активисттерди көздөн жаш агызуучу газ жана суу тапанча колдонуу менен таркатты.

Белгилей кетсек, акцияга катышкан миңдей демонстрант беткап жана кара капюшондорду кийип полицияга таш петарда жана бөтөлкө ыргыткан. Алгач окшош боз костюм кийип чыгып, кийин аны чечип ар кандай түстөгү кийимдерин көрсөткөн. Муну пикирлердин көп түрдүүлүгүнүн белгиси катары мүнөздөшкөн болчу.