Жаңылыктар
Көрүүсү начарлаган балдар коомчулуктун жардамына муктаж
Кыргызстан жаңылыктары
Көрүүсү начарлаган балдар коомчулуктун жардамына муктаж

Оштун Сарай айыл аймагынын тургуну Кызжибек Марипова коомчулуктун жардамына муктаж. Себеби 3 эм балдарынын экөөсүнүн барган сайын көрүүсү начарлап,тез арада операция жасатуу зарыл. Антпесе 6 жаштагы балдар көз дартына байланыштуу көчөгө чыгып ойной албай калды. 

Ошондуктан кайрымдуу жарандардан акчалай жардам болсо дейт Марипова. Өзүнүн  дагы ден-соолугу жакшы  эместигине байланыштуу,иштеп акча табууга мүмкүнчүлүгү болбой жатат. 

Кызжибек Марипованын балдары тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигине да маалымат берилген. Мындан улам министрликтин колдоосу менен Асан,Үсөнгө акысыз операция жасатылышы ыктымал. Бирок аксыз операциядан сырткары чыгымдарга каражат керек. Ошондуктан Марипова Элсом электрондук капчыгын ачты. Кайдыгер эмес жарандар болсо 0777 27 70 95 номерине акча которсо болот.

Асанбек Пазыл, "Биринчи радио"