Жаңылыктар
Бишкек шаарындагы бассейндердин абалы кандай?
Кыргызстан жаңылыктары
Бишкек шаарындагы бассейндердин абалы кандай?

Аптаптуу жайдын ысыгынан Бишкек шаар тургундарынын көпчүлүгү бассейндерди алакчылап турган кез. Чакан бассейндердин баалары арзан болсо, эң кымбаты 500 сомдон 1000 сомго чейин тейлөө акысын алышат. Бирок  алардын бардыгынын эле санитардык абалы талапка жооп бербей тургандыгын айткандар бар. Ошол себептен тери ооруларын жуктуруп алам деп кооптонгондор дагы жок эмес. 

Бассейнге түшүү, биринчиден, күндүн ысыгынан коргонуп, сергип алуунун айла-амалы болсо, экинчиден, салмактан арылууну каалагандарга да жардам берет. Сууда сүзүү көп кыймыл талап кылгандыктан энергия сарпталып, арыктоого алып келет. Андан тышкары организмде зат алмашуу жакшырат.
Ошондой эле психикалык жактан чарчоону заматта калыптандырса, физикалык жактан жараат алгандар болсо, булчуңдардын тез-тез кыймылдап турушу менен жараат бат айыгат.

Рахат Кыдыртоктоева, "Биринчи радио"